Түрежи: «Ковид-19 дагы бир нече жыл биз менен болот»
Түрежи "The CNBC Conversation" программасында Ковид-19 пандемиясы жана вакцина маселелери боюнча билдирүү жасады.
Германияда коронавируска (Ковид-19) каршы вакцина иштеп чыккан BioNTech компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири доктор Өзлем Түрежи дүйнөнүн Ковид-19дан коркпой жашашы керектигин айтты.
Түрежи " The CNBC Conversation" программасында Ковид-19 пандемиясы жана вакцина маселелери боюнча билдирүү жасады.
Ковид-19дун учурда көзөмөлгө алына баштаганын баса белгилеген Түрежи, пандемиядан коркпой жашоо керектигин, коронавирустун дагы бир нече жыл биз менен бирге болорун айтты.
Өзлем Түрежи BioNTechтин Ковид-19дун жаңы варианттарын тынымсыз иликтеп жатканын жана башка варианттардын да пайда болушу мүмкүн экенин айтып: «Учурда бардык варианттар үчүн төмөндөгөн иммунду кайрадан жогорку деңгээлге чыгарган кошумча дозалар гана коргоочу сыяктуу көрүнүүдө»,-деди.
Түрежи бир тараптан варианттарга байкоо салууга аргасыз экендиктерин, жаңы варианттарда андай болбошу мүмкүн экенин жана мындай нерсе болуп кетсе жаңы вариантка көнүү үчүн өздөрүн даярдашкандыгын билдирди.
Ковид-19 пандемиясынан чыгуу үчүн аларга көбүрөөк маалымат керек экенин баса белгилеген Түрежи, келечекте колдоо дозаларынын ар бир 12-18 айда жасалышы мүмкүн экенин айтты.