Ла-Пальмада лавалар Атлантика океанына жетти

Лавалар 10 күндөн кийин Атлантика океанына куйула баштады.

1712269
Ла-Пальмада лавалар Атлантика океанына жетти

Испаниянын түштүк-батышындагы Канар аралдарынан Ла-Пальмада 19-сентябрдан бери активдүү болгон Кумбре Вьеха вулканы бүркүгөн лавалар 10 күндөн кийин Атлантика океанына куйула баштады.

Ла-Пальмадагы электр мамыларын кулатып жээктеги авто жолду кесип өткөн лавалар жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.03тө Лос Гуаррес пляжынын айланасына жетип, болжол менен 100 метрлик аскадан деңизге акты.

Эксперттер температурасы 1100 градустан ашкан лаванын 20 градустук деңиз суусуна кошулганда химиялык реакция жаратып уулуу газдарды бөлүп чыгарарын айтышты.

Лавалардын пляжды толугу менен жок кылышы менен бирге экологиялык олуттуу зыян келтириши мүмкүн экени билдирилди.

Кумбре Вьехадан чыккан лавалар ушул убакка чейин Ла-Пальма аралында 24 чакырым жолду жараксыз абалга келтирди. Лавалар каптаган 300 гектардан ашык жерде болсо 686 имарат, анын ичинде 589 үй күл болду.



Тектеш кабарлар