Япония, АКШ жана Түштүк Корея макулдашты

Мотэги Тосимицу АКШлык жана Түштүк Кореялык кесиптештери менен "Түндүк Корея" маселесин талкуулады.

1709617
Япония, АКШ жана Түштүк Корея макулдашты

Япония, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Түштүк Корея Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан арылышына карата кызматташтыкты арттырууга макулдашты.

Тышкы иштер министри Мотэги Тосимицу АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 76-жыйындарынын алкагында АКШлык жана Түштүк Кореялык кесиптештери менен "Түндүк Корея" маселесин талкуулады.

Үч тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Мотэги, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Чунг Юй Ён, БУУнун токтомдорун ишке ашыруу менен дипломатиялык аракеттерди көбөйтүүгө жана Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан толук арылтууга макул болушту.

Жолугушуунун басма сөзгө ачык бөлүгүндө сөз сүйлөгөн Мотеги, министрлердин жыйынын пикир алмашуу үчүн абдан жакшы убакыт катары сыпаттап: «Түндүк Кореянын акыркы ядролук жана баллистикалык ишмердүүлүгү Японияга, аймакка жана эл аралык коомчулукка коркунуч туудурууда»,-деди.

Ал эми АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Блинкендин "Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу" темасында Япония жана Түштүк Корея менен уланып жаткан консультациялык кызматташтыкка карата өлкөсүнүн убадаларын баса белгиленин айтты.

Акыркы жолу май айында Англиянын борбор шаары Лондондогу Чоң жетинин саммитинин алкагындагы Тышкы иштер министрлеринин жыйынында жолугушкан үч министр, айрыкча Азия аймагын камтыган "Мьянма, Кытай темалары" менен бирге климаттын өзгөрүшү маселелерин талкуулашты.



Тектеш кабарлар