Филиппиндер менен Тайванда «Чанту» тайфуну боюнча эскертүү берилди
Тайвандын Борбордук Метеорология Бюросу да аралдын түштүк жээгине тайфун жөнүндө эскертүү берди.
Тынч океанда чыккан «Чанту» тайфунунан улам Филиппиндер менен Тайванда эскертүү берилди.
Филиппиндин атмосфера, геофизикалык жана астрономиялык кызматтар департаментинин билдирүүсүндө, ылдамдыгы саатына 195 чакырымга жеткен тайфун Филиппинге жакын жерден өтүп, түндүктү көздөй жылганы маалымдалды.
Билдирүүдө тайфундун өлкөнүн түндүк -чыгышындагы Кагаян аймагын басуу коркунучу бар экени белгиленип, жарандардын өмүрүнүн жана мүлкүнүн коопсуздугун коргоо үчүн табигый кырсыктарды башкаруу боюнча чараларды көрүү талап кылынды.
Тайвандын Борбордук Метеорология Бюросу да аралдын түштүк жээгине тайфун жөнүндө эскертүү берди.
Бюро ошондой эле Филиппин менен Тайвандын ортосундагы Баши каналында чоң толкундар пайда болушу мүмкүн экени боюнча деңизчилерди эскертти.
Түндүктү көздөй кеткен тайфундун жекшемби күнү Тайвандын жээктерине барышы күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Гриффитс: «Газага жардам берүү Рефахка кол салууну мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»
Гриффитс Израилдин Рефахка ыктымал кургактык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду
Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.