Мексика Ооганстандан качкан журналисттерди кабыл алды

Тышкы иштер министри Марсело Эбрард жана аны коштогон делегация, журналисттерди Мехико шаарындагы аэропорттон тосуп алышты.

1698244
Мексика Ооганстандан качкан журналисттерди кабыл алды

Мексика Ооганстандан эвакуацияланган 124 ооган журналистин кабыл алганын жарыялады.

Тышкы иштер министри Марсело Эбрард жана аны коштогон делегация, Ооганстанда ар кандай медиа мекемелеринде иштеген журналисттерди Мехико шаарындагы аэропорттон тосуп алышты.

Твиттердеги баракчасынан ооган журналисттери жөнүндө маалымат бөлүшкөн Эбрард, Мексиканын гуманитардык башпаанек сурамдарын колдоону чечкенин билдирип: «Бардык адамдын жашоосу маанилүү, бирок бүгүн Мексикага келген бул топтун басма сөз эркиндигин, байланыш укугун жана аны менен байланышкан көптөгөн баалуулуктарды өкүлдүк кылганын баса белгилегим келет»,-деди.

Ооган журналисттерин үй-бүлөлөрү менен биргеликте тосуп алган Мексика, журналисттердин алардан убактылуу гуманитардык коргоону суранганын кабарлады.

Мексика 25-августта да Ооганстандан эвакуацияланган эл аралык сыйлыктардын ээси 5 афган улутундагы аялды кабыл алганын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар