Кабул аэропортунан эвакуациялоо убагында каза тапкандар болду...

Талиптер Ооганстанды көзөмөлгө алгандан кийин, өлкөдөн кетүүнү каалагандар Кабул аэропортуна бет алышты.

1695263
Кабул аэропортунан эвакуациялоо убагында каза тапкандар болду...

Ооганстандын борбору Кабулдагы аэропортто жүргүзүлгөн эвакуация иштеринде акыркы жумада кеминде 20 киши каза болду.

Талиптер Ооганстанды көзөмөлгө алгандан кийин, өлкөдөн кетүүнү каалагандар Кабул аэропортуна бет алышты.

НАТОнун расмий өкүлү Рейтер агенттигине сүйлөп жатып, акыркы 7 күндө аэропортто жана анын айланасында кеминде 20 адам каза болгонун билдирди.

Ким экени айтыла элек кызматкер, «Кабул аэропортунун сыртында абал начар. Биз бардык чет элдиктерди тезирээк эвакуациялоого багытталганбыз»,деди.

Чиновник ошондой эле НАТОнун күчтөрү талиптер менен эч кандай кагылышууга жол бербөө үчүн аэропорттун сыртындагы «катуу аралыкты» сактаганын билдирди.



Тектеш кабарлар