Түндүк Кореянын лидери Корея согушунда каза болгон Кытай аскерлерин эскерди
Ким Чен Ын Корея согушунда курман болгондорду эскерүү кечесинде Пекин менен тыгыз байланышта болууга убада берди.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Корея согушунда курман болгондорду эскерүү кечесинде Пекин менен тыгыз байланышта болууга убада берди.
KCNA кабарына караганда, Түндүк Кореянын лидери Корея согушунда курман болгон Кытай аскерлерин эскерүү үчүн тургузулган "Достук" мунарасына барды. Ким 2011 - жылы кызматка киришкенден бери бул жерге үчүнчү жолу барды.
Ким борбор шаар Пхеньяндагы аземде Корея согушунда курман болгон кытай аскерлерине таазим кылып: "Түндүк Корея эң кыйын сынактан өтүп жаткан учурда Корея калкынын ыйык жана тарыхый күрөшүнө жардам берген Кытай калкынын ийиликтери түбөлүк калат",- деди.
Ким Чен Ын эки өлкөнүн достук байланыштарын жалпы максат үчүн муундан муунга өткөрүлөрүн да баса белгиледи. Кытай ок атышпоо менен аяктаган Корея согушунда Түштүк Корея жана АКШнын жол башчылыгындагы БУУнун күчтөрүнө каршы Түндүк Кореянын жанында согшкан.
Тектеш кабарлар
Израилдин согушту улантуу планы
Израиль армиясынын X социалдык медиа эсебинде темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.
Газа байланыш тобунун Израилге карата чакырыгы...
Бул тууралуу Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.