Россиядагы эң жогорку өлүм көрсөткүчү

Өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 139 миң 316га жетти.

1670772
Россиядагы эң жогорку өлүм көрсөткүчү

Россияда коронавирус (Ковид-19) пандемиясы башталгандан бери акыркы 24 сааттын ичинде 737 менен "эң жогорку өлүм" көрсөткүчү катталды.

Россиянын Коронавирустук инфекцияны көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун билдирүүсүнө ылайык, акыркы 24 саатта 737 адамдын каза болушу менен пандемия башталгандан бери "эң жогорку" күнүмдүк өлүм катталган өлкөдө көз жумгандардын жалпы саны 139 миң 316га жетти.

Ушул эле мезгилде өлкөдө Ковид-19га чалдыккандардын саны 23 миң 378ге көбөйүп 5 миллион 658 миң 672ни түздү.

Биринчи Ковид-19 учуру 2020-жылдын 31-январында аныкталган жана вируска байланыштуу биринчи өлүм 2020-жылдын 19-мартында катталган Россияда, массалык эмдөө процесси 18-январда президент Владимир Путиндин көрсөтмөсү менен башталган.

Калкы жыш жайгашкан Москва жана Санкт-Петербург сыяктуу шаарларда мамлекеттик жана кызмат көрсөтүү тармактарында иштегендердин 60 пайызына Ковид-19га каршы эмдөөдөн өтүү зарылдыгы коюлган.



Тектеш кабарлар