5 өлкөнүн Сириядагы шайлоого байланыштуу биргелешкен билдирүүсү

Сирияда бүгүн президенттик шайлоо өткөрүлүүдө.

1645804
5 өлкөнүн Сириядагы шайлоого байланыштуу биргелешкен билдирүүсү

АКШ, Франция, Германия, Италия жана Британиянын тышкы иштер министрлери Сирияда бүгүн өткөрүлө турган шайлоонун адилеттүү жана эркин чөйрөдө болбой тургандыгын, ошондой эле эч кандай мыйзамдуулук жок экендигин билдиришти.

АКШнын Мамлекеттик департаменти жарыялаган биргелешкен билдирүүдө: «Франция, Германия, Италия, Британия жана АКШнын тышкы иштер министрлери катары биз Сирияда 26-майда өтө турган президенттик шайлоо акыйкат жана калыс өтпөйт деп ачык айтып жатабыз. Асад режиминин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин 2254 номердүү токтомунун алкагынын тышында бул шайлоону өткөрүү чечимин четке кагабыз» деген сөздөр камтылды.

Тиешелүү өлкөлөрдүн, сириялыктардын көз караштары орун албаган мыйзамсыз шайлоо процессин кабыл албагандары баса белгиленген билдирүүдө, сириялык оппозициячылдардын «шайлоону мыйзамдуу деп эсептебей тургандыгы» да маалымдалды.

Билдирүүдө Сирияда эркин жана акыйкат шайлоо БУУнун көзөмөлү астында жана эл аралык ачык-айкындуулук шарттарында гана өткөрүлө тургандыгы белгиленип: «Шайлоонун ишенимдүү болушу үчүн бардык сириялыктар, анын ичинде жер которгон сириялыктар, качкындар жана диаспоралардагы адамдар коопсуз катыша алышы керек. Ушул жагдайлар болбостон бул бурмаланган шайлоо, саясий макулдашууга карата жылыш алып келбейт», делди.



Тектеш кабарлар