Малилик аял 9 эм төрөдү
Эненин жана 9 ымыркайдын ден-соолугунун жакшы экендиги белгиленди.
1634319
Марокконун Касабланка шаарында малилик аял 9 эм төрөдү. Ымыркайлардын бешөө кыз, төртөө эркек экени билдирилди.
Малинин Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, Мали жараны Халиме Сисинин Касабланкадагы саламаттыкты сактоо мекемесинде кесарево жолу менен төрөгөндүгү айтылды.
Эненин жана 9 ымыркайдын ден-соолугунун жакшы экендиги белгиленди.
Халиме Сисинин Малинин борбору Бамакодогу текшерүүдө 7 балалуу болоору айтылып, андан кийин 30-мартта Мароккодогу ооруканага которулгандыгы, бирок 9 ымыркайды жарык дүйнөгө алып келгендиги маалымдалды.