Трамп Байдендин Ооганстандан аскерлерди чыгаруу планына сереп салды
Трамп чыгып кетүү жараяны үчүн белгиленген 11-сентябрь АКШнын тарыхы үчүн аза күтүү күнү болгондуктан, ушул бойдон кала бериши керек экендигин билдирди.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мурунку президенти Дональд Трамп Жо Байден бийлигинин Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгарып кетүү чечимин «сонун жана позитивдүү» деп тапканын билдирди.
Трамп, америкалык аскерлердин Ооганстандан чыгып кетүү жараянына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Афганистандан чыгуу - бул чоң жана позитивдүү иш. Мен өлкөдөн чыгып кетүүнү 1-майга пландаштыргам жана биз бул процессти ушул күнгө чейин мүмкүн болушунча жакыныраак алышыбыз керек»,деген баасын берди.
Трамп чыгып кетүү жараяны үчүн белгиленген 11-сентябрь АКШнын тарыхы үчүн аза күтүү күнү болгондуктан, ушул бойдон кала бериши керек экендигин билдирди.
Экс-президент Трамп 2020-жылдын февраль айында Талибан менен болгон келишиминде, АКШ аскерлери Ооганстандан 2021-жылдын 1-майына чейин белгилүү бир шарттар менен чыгып кетээрин убада кылган.
20-январда кызматына киришкен президент Байден 2500дөй аскерди чыгаруу графигинин 1-майда башталарын жана 2021-жылдын 11-сентябрына чейин бүтөрүн жарыялады.
АКШ Конгрессиндеги демократтар Байдендин чыгып кетүү планын жалпысынан колдоп жатышса, көпчүлүк республикачылдар «АКШ Афганистанды боштукта калтырды» жана «ал жерде кайрадан террордук элементтер көбөйөт» деген жүйө келтирүүдө.
Тектеш кабарлар
Гриффитс: «Газага жардам берүү Рефахка кол салууну мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»
Гриффитс Израилдин Рефахка ыктымал кургактык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду
Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.