ДСУ : "Вакциналардын дүйнөлүк таркатылышында таң калтырарлык теңсиздик бар"
Тедрос Адхамон Гебрейесус аз кирешелүү өлкөлөрдүн ушул убакка чейин Ковид-19 вакциналарынан 0,2 пайыз гана үлүшкө ээ болгонун баса белгиледи.
ДСУнун башкы директору Тедрос Адхамон Гебрейесус аз кирешелүү өлкөлөрдүн ушул убакка чейин Ковид-19 вакциналарынан 0,2 пайыз гана үлүшкө ээ болгонун баса белгилеп : «Вакциналардын глобалдык бөлүштүрүлүшүндө таң калтырарлык теңсиздик бар»,- деди.
Гебрейесус уюмдун Швецарияынн Женева шаарындагы борборунда видеоконференция аркылуу өткөргөн пресс - жыйынында 194 өлкө жана экономикада Ковид - 19 вакцинасынын колдонула баштагандыгын билдирди.
26 өлкөдө азыр да эмдөөлөрдүн бериле электигине көңүлдөрдү бурган Гебрейесус булардын жетөөсүнө вакциналардын жеткендигин, бешөөсүнүн да бир канча күндүн ичинде вакциналарды аларын айтты.
Гебрейесус акыркы 6 жумада Ковид-19 Вакциналарына Дүйнөлүк Жетишүү Программасынын (COVAX) алкагында 38 миллиондон ашык дозанын 100дөн ашуун өлкөгө жиберилгендиги тууралуу маалыматты билдирди.
COVAX менен март айынын акырына чейин өлкөлөргө 100 миллион доза таркатууну пландашкандарын эске салган ДСУнун башкы дирекору вакцина өткөрүүдөгү белгилүү төмөндөөдөн улам 38 миллион дозанын таркатыла алгандыгын айтты.
Гебрейесус бул максатка апрель же май айынын ичинде жетүүнү ойлоп жаткандарын билдирди.