Блинкен Маас жана Ле Дриан менен Украинаны сүйлөштү

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс жазүү түрүндө маалымат берди.

1618378
Блинкен Маас жана Ле Дриан менен Украинаны сүйлөштү

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас жана Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Украинанын чыгышындагы аскердик чыңалууну талкуулады.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс, Блинкендин немис кесиптеши Маас жана француз кесиптеши Ле Дриан менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди. Прайс жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Блинкен менен Маас, оккупацияланган Крымда жана Чыгыш Украинадагы чек арада Россиянын бир тараптуу чагымчыл аракеттерине каршы Украинага колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн жана Россиянын аймактагы чыңалууну күчөткөн аскерий күчүн жана риторикасын дароо токтотушу керектигин баса белгилешти»,-деди.

Блинкендин Франциянын тышкы иштер министри Ле Дриан менен сүйлөшүүсүндө болсо эки министрдин Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой тургандыктарын дагы бир жолу кайталагандарын айткан Прайс, Россиянын аскердик кыймылдуулугунун да талкуулангандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар