Германияда Экинчи Дүйнөлүк согуштан калган бомба

Бомбанын эксперттик топтор тарабынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 00.02де зыянсыздандырылганы билдирилди.

1616541
Германияда Экинчи Дүйнөлүк согуштан калган бомба

Германиянын Кельн шаарында Экинчи Дүйнөлүк согуш учурундагы жарылбай калган бомба зыянсыздандырылды.

Кельн мэриясынын билдирүүсүнө караганда, Радерберг районундагы Боннер көчөсүнүн жанындагы курулуш иштери убагында табылган 250 килограммдык бомбаны жок кылуу учурунда аймакта жашаган болжол менен 400 адам кечээ кечинде эвакуацияланды.

Бомбанын эксперттик топтор тарабынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 00.02де эч кандай көйгөйсүз зыянсыздандырылганы билдирилди.

Германияда айрымдары турак жай конуштарында жайгашкан Экинчи Дүйнөлүк согуштан калган көптөгөн жарылбай калган бомбалар бар.

Бул бомбалар адистер тарабынан көзөмөлгө алынып зыянсыздандырылууда.



Тектеш кабарлар