Бангладештеги лагерде чыккан өрттө кеминде 28 киши каза болду

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын Бангаладеш өкүлү Йоханнес Ван дер Клааув кечээ Кокс Базардагы Балухали лагеринде чыккан өрттөн кийин 400 киши менен байланышуунун мүмкүн болбогонун билдирди.

1607419
Бангладештеги лагерде чыккан өрттө кеминде 28 киши каза болду

Бангладеште аракандык мусулман качкындар жашап жаткан лагерде чыккан өрттө каза болгондордун саны 28 деп белгиленип, 40тан ашуун кишинин жаракат алгандыгы билдирилди.

Бурма Адам укуктары желесинин аткаруу директору Кяв Вин өрттө 15 000ге жакын баш калклоочу жердин жок болгондугун, кеминде 28 кишинин каза болгонун жана 40тан ашуун кишинин жаракат алгандыгын белгиледи.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын Бангаладеш өкүлү Йоханнес Ван дер Клааув кечээ Кокс Базардагы Балухали лагеринде чыккан өрттөн кийин 400 киши менен байланышуунун мүмкүн болбогонун билдирди.

Аймакта БУУнун топторунун иш алып баргандыгын белгилеген Клааув  өрттү «абдан чоң жана кыйратуучу» деп мүнөздөп апаатта клиникалар менен бөлүштүрүүчү борборлорунун да колдонулбай турган абалга келгендигин маалымдаган.

Йоханнес Ван дер Клааув Эл аралык Миграция уюму менен өрттөн кийинки жардам иштерин координациялашкандарын, бул иштин алдыңкылыгынын коргоосуз аялдар менен балдар экендигин белгилеген. Ошол эле учурда бангладештик жетекчилер өрттүн чыгуу себеби тууралуу териштирүүнүн башталгандыгын билдиришкен.

БУУнун билдиргенине караганда 2017 -  жылы август айынан кийин Аракандагы кысым жана зомбулуктан качып Бангладешке баш калкалагандардын саны 900 000ге жетти.



Тектеш кабарлар