Японияда «Tokai 2» атомдук станциясынын иши токтотулду

Япониянын Ибараки штатындагы «Tokai 2» атомдук мекемесинин ишин аймактык эвакуация пландарынын жоктугунан токтотуу чечими кабыл алынды.

1605051
Японияда   «Tokai 2»  атомдук станциясынын иши токтотулду

Япониянын Ибараки штатындагы «Tokai 2» атомдук мекемесинин ишин аймактык эвакуация пландарынын жоктугунан токтотуу чечими кабыл алынды.

Мито райондук соту Тынч океанынын жээгинде жайгашкан Ибаракинин «Tokai 2»  атомдук мекемесинин ишин убактылуу токтотту. Судья Маеда Эйко : «Коопсуз эвакуациялоо пландары менен кырсык коркунучу тутумдарынын ишке ашырылышы талаштуу", - деди.

Комплекстен 30 чакырым алыстыкта  940 миңдей адамдын жашагандыгын белгилеген Маэда жакынкы муниципалитеттердин аймактык эвакуация пландарын иштеп чыгышы керектигин айтты.

Маэда : «Азыркы учурдагы абал айланадагы аймактарда жашагандардын жеке укуктарын бузушу мүмкүн болгон коркунучтарды жаратууда»,- деди.

1978-жылы коммерциялык негизде иштей баштаган «Tokai 2» электр станциясы Japan Atomic Power (JAPC) компаниясынын карамагында. JAPC болсо бул чечимди апелляциялык сотко алып барарын  жарыялады.



Тектеш кабарлар