Кош бойлуу кезинде вакцина алгандардын ымыркайларында антитело пайда болду

Израилде жүргүзүлгөн иликтөө коронавирус вакцинасынын төрөлө турган ымыркайларда коргоочулугун да ортого чыгарды.

1603060
Кош бойлуу кезинде вакцина алгандардын ымыркайларында антитело пайда болду

Кош бойлуу кезинде вакцина алгандардын ымыркайларында коронавируска каршы антителолордун пайда болгондугу аныкталды.

Израилде жүргүзүлгөн иликтөө коронавирус вакцинасынын төрөлө турган ымыркайларда коргоочулугун да ортого чыгарды. Иликтөөдө энелери кош бойлуу кезде 2 доза вакцина алган 40 ымыркайдын киндигинен кан үлгүлөрү алынган. Анализдерде ымыркайлардын баарында коронавруска каршы антителонун пайда болгондугу аныкталды.

Жыйынтыктар кош бойлуу аялдардын вакцина алуусунун пайдасын ортого чыгарды.

Израиль саламаттыктык сактоо министрлиги эң башта кош бойлуу аялдардын вакцина алышына уруксат берген эмес бирок кийинчерээк вакцина программасына киргизилген.

 



Тектеш кабарлар