Ооганстанда Байланыш министрлигинин кызматкерлерине кол салуу болду

Кабул полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Фердевс Фарамарздын айтымында, Кабулдун Дехни-Баг аймагында Байланыш министрлигинин кызматкерлерин ташыган унаага бомбалуу кол салуу болгон.

1601907
Ооганстанда Байланыш министрлигинин кызматкерлерине кол салуу болду

Ооганстандын баш калаасы Кабулда Байланыш министрлигинин кызматкерлерин ташыган унаага бомбалуу кол салуу болуп 15 адам жаракат алды.

Кабул полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Фердевс Фарамарздын айтымында, Кабулдун Дехни-Баг аймагында Байланыш министрлигинин кызматкерлерин ташыган унаага бомбалуу кол салуу болгон.

Фарамарз кол салуудан 15 адам жаракат алганын билдирди.

Акыркы мезгилде өлкө боюнча көбөйө баштаган кол салуу аракеттери журналисттерге, активисттерге, диний аалымдарга, мамлекеттик кызматкерлерге жана коопсуздук күчтөрүнө болуп жатат.

Бул кол салуулар үчүн Ооганстан өкмөтү Талибанды жооптуу деп эсептесе, Талибан анын кол салууларга эч кандай тиешеси жок деп эсептейт.



Тектеш кабарлар