Ливия өкмөтү менен Президенттик кеңеши эртең расмий түрдө өз кызматтарын башташат
Өкмөттүн жаңы өкүлү Мохаммед Хамуде билдирүүсүндө, «Улуттук биримдик өкмөтү өз милдетин расмий түрдө шейшембиде баштайт»,- деп билдирди.
Абдулхамид Дибейбе башында турган Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтү жана Президенттик кеңештин төрагасы Мухаммед аль-Менфи эртең расмий түрдө өз кызматтарын башташат.
Өкмөттүн жаңы өкүлү Мохаммед Хамуде билдирүүсүндө, «Улуттук биримдик өкмөтү өз милдетин расмий түрдө шейшембиде баштайт»,- деп билдирип, кызмат тапшыруу аземи Триполидеги премьер-министрдин штаб-квартирасында өтөрүн билдирди.
Хамуде белгилегендей, Ливиянын Улуттук Ынтымак Өкмөтүнүн (UMH) премьер-министри Файиз эс-Сарраж жана анын жардамчылары да өткөрүп берүү аземине катышат.
Жаңы өкмөттүк жооптуу кызматкерлердин арасынан атын атагысы келбеген кызмат адамы ушул эле салтанатта Президенттик Кеңештин төрагасы Аль-Менфи дагы өз кызматын өткөрүп аларын билдирди.
Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн премьер-министри Абдулхамид Дибейбе Сирт шаарында өткөн үч күндүк сессиянын аягында 10-мартта Өкүлдөр палатасынан 132 макул жана бир калыс добуш менен ишеним добушун алган.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа тилкесиндеги кол сауулары...
Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсү жарыяланды.