Афганистанда бомбалуу кол салуу болду

Афганистандын борбор шаары Кабулда болгон бомбалуу кол салууда 3 киши каза болду.

1601399
Афганистанда бомбалуу кол салуу болду

Афганистандын борбор шаары Кабулда болгон бомбалуу кол салууда 3 киши каза болду.

Кабул коопсуздук директорлугунун катчысы Фердевс Фарамарз массалык маалымат каражаттарына берген маалыматында Кабулдун Пул  -  и Сухта жана Сар Кариз аймактарында эки башка бомбалуу кол салуунун болгондугун айтты.

Фарамарз кол салууда 3 кишинин каза болгондугун, 12 кишинин да жаракат алгандыгын белгиледи. Кол салууларды азырынча эч ким моюнга ала элек.

Акыркы убактарда жалпы өлкөдө күч ала баштаган кол салуулардын бутасында журналисттер, активисттер, дин аалымдары, мамлекеттик кызматкерлер менен коопсуздук күчтөрү болду.

Афганистан өкмөтү бул кол салуулардан Талибанды жооптуу деп, Талибан кол салуу менен байланышынын жок экендигин жактады.



Тектеш кабарлар