Нигерияда өкмөт террористтер менен сүйлөшпөй тургандыгын билдирди
Нигериянын мамлекет башчысы Мухаммед Бухари өлкөдө куралдуу кишилердин багынышы үчүн 2 ай убакыт берген.
Нигерия өкмөтү өлкөдөгү коопсуздук маселелери менен күрөшүүнүн негизинде куралдуу козголоңчулар жана террордук уюм Боко Харам мүчөлөрү менен сүйлөшпөй тургандыгын билдирди.
Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Бабагана Монгуно өлкөдө акыркы учурларда күч алган коопсуздук маселелери менен күрөшүүдө өкмөттүн куралдуу козголоңчу уюмдун мүчөлөрү жана террористтер менен сүйлөшпөй тургандыгын белгиледи.
Кылмышкерлер менен сүйлөшүүнүн өкмөттүн алсыздыгы жана жетишсиздиги деген мааниге келгендигин айткан Монгуно ушул себептен өкмөт кылмышкерлерди жок кылуу үчүн керектүү бардык күчтөрдү жайгаштырууну тандагандыгын айтты.
Монгуно өкмөттүн шантажга жана кылмышкерлердин өкүлдөр тарабынан күнөөсүз жарандарга кыянаттык кылуу үчүн колдонулушуна моюн сунбай тургандыгын баса белгиледи.
Нигериянын мамлекет башчысы Мухаммед Бухари өлкөдө куралдуу кишилердин багынышы үчүн 2 ай убакыт берген.
Тектеш кабарлар
Гриффитс: «Газага жардам берүү Рефахка кол салууну мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»
Гриффитс Израилдин Рефахка ыктымал кургактык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду
Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.