Афганистанда алтын кенинде көчкү болду
Көчкүдө төрт ажам каза тапты.
1588427
Афганистандын түндүк-чыгышында Бадахшан провинциясындагы алтын кенинде болгон көчкүдө төрт адам каза болду.
Бадахшан полиция бөлүмүнүн катчысы Санаулла Рохани, провинциядагы Рагистан районундагы алтын кенини кардын жана жамгырдын кесепетинен кулап, 4 шахтер каза болуп, 3 кишинин жаракат алгандыгын билдирди.
Өлкөдө жетерлик коопсуздук чаралары көрүлбөстөн иштетилген көптөгөн шахталарда болгон кырсыктардан улам жыл сайын көптөгөн жумушчу каза болууда.