Канн кинофестивалынын ачылышында митинг

Le Figaro гезитинин маалыматына караганда, Канн фестиваль сарайындагы фестивалдын ачылыш аземине кино дүйнөсүнүн белгилүү ысымдары катышты.

2140440
Канн кинофестивалынын ачылышында митинг

Францияда өткөрүлгөн 77-Канн кинофестивалынын ачылыш аземи кино тармагынын кызматкерлеринин нааразылык акциясына күбө болду.

Le Figaro гезитинин маалыматына караганда, Канн фестиваль сарайындагы фестивалдын ачылыш аземине кино дүйнөсүнүн белгилүү ысымдары катышты.

Атактуулар кызыл килемден өтүп бара жатышканда, кино кызматкерлеринен турган «Экрандардын артындагы жакырчылык (Sous les Ecrans la Deche)» коллективинин мүчөлөрү Фестиваль сарайынын чатырына чыгып баннер ачышты.

20дай активисттен турган топ ышкырып ураан чакырып, фестивалга чогулган элдин көңүлүн бурду.

Иш шарттарын жакшыртуу үчүн акцияга чыккан кино тармагынын кызматкерлерине полиция кийлигишти.

Фестивалдын ачылышына бир жума калганда “Экрандардын артындагы жакырчылык” жамааты фестивалдын кызматкерлерин да, башка кино кызматкерлерин да “иш-чараны үзгүлтүккө учуратуучу” иш таштоого чакырган.

Кинофестивалдар үчүн контракттык түрдө иштеген кызматкерлер жана жумушсуздукту камсыздандыруу реформасынан терс таасирленген кино тармагынын кызматкерлери эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылышууда.

Кечээ ачылган 77-Канн кинофестивалы 25-майга чейин уланат.

Фестивалда «Алтын пальма» сыйлыгы үчүн 22 тасма ат салышат.



Тектеш кабарлар