Цинк жана С витамининин Ковид - 19га тийгизген таасири жок

Цинк жана С витаминин кошумчалоонун коронавирусту дарылоодо таасиринин жок экендиги аныкталды.

1585644
Цинк жана  С витамининин Ковид  - 19га тийгизген таасири  жок

Цинк жана С витаминин кошумчалоонун коронавирусту дарылоодо таасиринин жок экендиги аныкталды.

АКШда Кливленд клиникасынын окумуштуулары цинк менен С витамининин Ковид-19 бейтаптарына тийгизген таасирин байкоо үчүн изилдөө жүргүзүштү.

Окумуштуулар 214 Ковид-19 бейтаптарын иликтөө эмгегинде айрым бейтаптар 2020 - жылдын апрель - октябрь айларынын арасында стандарттуу дарылоодон өтүшсө, айрымдарына стандарттык дарылоонун тышында цинк глюконаты (50 мг) жана С витамини (8000 мг) берилди.

Изилдөөнүн натыйжасында С витамини жана цинк алган бейтаптар менен стандарт дарыланган бейтаптардын ортосунда симптомдордун күчү жана мөөнөтүндө маанилүү айырмачылыктын болбогондугу аныкталды.

Клевленд клиникасынын көкүрөк оорулары жана жүрөк – кан тамыр институтунун кызматкери Милинд Десай Ковид  - 19 С витамини жана цинкти пайдалануу стандарт дарылоого салыштырганда  таасиринин жок экендигин айтты.

Иликтөө тууралуу кенен маалымат «Jama Open Network» журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар