Батыш өлкөлөрүндө Ковид-19 көрсөткүчтөрү

Вирус дагы деле жайылып жатат.

1585207
Батыш өлкөлөрүндө Ковид-19 көрсөткүчтөрү
koronavirüs1.jpg
super foto fransa korona fransa 3.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 429 миң 825ке жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 110 миллион 35 миңден, ал эми айыккандарды саны 84 миллион 865 миңден ашты.

Пандемиянын чордону Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) бир күндө 1 миң 105 кишинин каза болушу менен жалпы сан 499 миң 991, бул илдетке чалдыккандардын саны болсо 40 миң 400гө көбөйүп 28 миллион 381 миң 220ны түздү.

Ковид-19дун айынан Бразилияда акыркы сутка ичинде 1167, Мексикада 1329, Аргентинада 106, Колумбияда 163, Перуда 176, Чилиде 20, Боливияда 40 адам көз жумду. Бул маалыматтар менен Ковид-19дан каза тапкандардын саны Бразилияда 240 миң 983, Мексикада 175 миң 986, Аргентинада 50 миң 432, Колумбияда 57 миң 949, Перуда 44 миң 56, Чилиде 19 миң 644, Боливияда 11 миң 274кө жетти.

АКШнын фармацевтикалык компаниясы Pfizer тарабынан иштелип чыккан коронавирустук вакцинанын 491 миң 400 дозасы Мексикага жетти. Мексика өкмөтү ушул кезге чейин АКШнын фармацевтикалык компаниясы Pfizerден 34,4 миллион доза, Оксфорд университетинин AstraZeneca фармацевтикалык компаниясы менен биргеликте иштеп чыккан вакцинадан 77,4 миллион доза жана COVAX программасы аркылуу 51,5 миллион доза алуу үчүн келишим түзгөн болчу.

Улуу Британияда вирустун айынан акыркы 24 сааттын ичинде 799 адам көз жумуп, 10 миң 625 жаңы учур катталды. Өлкөдө каза болгондордун саны 118 миң 195, ал эми ооруну жуктургандардын саны 4 миллион 58 миң 468 болду.

Италияда акыркы 24 саатта эпидемиядан улам каза болгондордун саны 336 адамдын өлүмү менен 94 миң 171ге жетти. Ооруга чалдыккан адамдардын саны 10 миң 386га көбөйүп 2 миллион 739 миң 591ди түздү.

Францияда акыркы 24 сааттын ичинде Ковид-19дун себебинен 410 адам көз жумуп жалпы сан 82 миң 812 деп катталды. Бир күндө 19 миң 590 жаңы учур катталып, жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 489 миң 129га жетти.

Испанияда Ковид-19дан акыркы бир сутка ичинде 530 кишинин каза болушу менен адамдардын өлүмү 65 миң 979га жогорулады. Ошол эле мезгилде, 10 миң 57 жаңы учур катталып, ооруну жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 96 миң 343кө жетти.



Тектеш кабарлар