Афганистанда акыркы 5 жылда 40 000ден ашуун киши каза болду
Афганистандын президенти Эшреф Гани 2015 - жылдан бери жалпы өлкөдө 40 000ден ашуун кишинин каза болгондугун айтты.
Афганистандын президенти Эшреф Гани 2015 - жылдан бери жалпы өлкөдө 40 000ден ашуун кишинин каза болгондугун айтты.
Эшреф Гани 9 - январда Американын CNN телеканалына берген маегинде президент болгондон кийин өлкө боюнча болгон зомбулуктан 40 000ден ашуун жаран жана коопсуздук кызматкерлеринин каза болгонун белгиледи. Гани бул убакытта НАТОнун ичинде кызмат кылган АКШ күчтөрүнөн 98 аскердин каза болгондугун да айтты.
Талибан менен Афганистан делегацияларынын ортосунда Катардын борбор шаары Дохада улантылып жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнө да токтолгон Гани афган калкынын эч качан өткөн караңгы күндөрүнө кайтууну каалабагандыгын баса белгиледи. Гани Афганистанда 40 жылдан ашуун убакыттан бери болуп келе жаткан согуштун акырына чыгышы үчүн Талибан менен ыктымалдуу тынчтык келишиминин аймак өлкөлөрү жана эл аралык коом тарабынан кепилдикке алынышы керектигин баса белгиледи.
Бийликти мыйзамдуу жолдор менен кийинки шайланган башкарууга өткөрүп берүүнү калагандыгын айткан Гани Талибандын мамилесин жана ойлорун мажбурлоо менен кабыл ала турган коом болбогондорун да белгиледи. Гани : «Биз оң жана баарына бирдей аралыкта болгон тынчтыкты каалайбыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Гриффитс: «Газага жардам берүү Рефахка кол салууну мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»
Гриффитс Израилдин Рефахка ыктымал кургактык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду
Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.