Трамп Байдендин инаугурация аземине катышпайт

Трамп: «Мен 20-январдагы инаугурация аземине катышпайм»

1560250
Трамп Байдендин инаугурация аземине катышпайт

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп, президент болуп шайланган Жо Байдендин 20-январда өтө турган инаугурация аземине катышпай тургандыгын билдирди.

Трамп расмий Твиттердеги аккаунтуна жарыялаган билдирүүсү менен "Байдендин ант берүү салтанатына катышабы же жокпу" деген суроолорду тактады.

Трамп билдирүүсүндө: «Кызыккандар үчүн мен 20-январдагы инаугурация аземине катышпайм» деп жазды.

Жо Байден болсо Трамптын салтанатка катышпагандыгы жөнүндө: «Анын келбей койгону жакшы нерсе, ал өлкө үчүн уят иш»,-деди.

Бирок Байден, вице-президент Майк Пенсти салтанатта көргүсү келгенин айтты.

Экинчи жагынан демократтар Конгресстеги окуя үчүн күнөөлөгөн президент Трампка каршы дүйшөмбү күнү жаңы импичмент жараянын баштоого даярданып жатышат.

АКШнын маалымат каражаттарында, Өкүлдөр палатасынын төрагасы Нэнси Пелосинин жума күнү демократиялык депутаттар менен жолугушууда "Трамптын Майк Пенс тарабынан кызматтан алынышын каалаганын", бирок эгерде андай болбой калса алар импичмент жараянын баштай тургандарын айтканы белгиленди.

Өкүлдөр палатасында импичмент боюнча добуш берүү өткөрүлүп Трампка айып тагылса, анда ал "эки жолу айыпталган" биринчи президент катары катталат.



Тектеш кабарлар