Венгрия Европа Биримдигин Ковид-19 вакцинасы боюнча сынга алды

Венгриянын Тышкы иштер жана тышкы соода министринин орун басары Тамаш Менцер, Европа Биримдиги коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы вакцина сатып алууда ката кетиргенин жана ал АКШ (АКШ), Британия жана Израилден артта калгандыгын айтты.

1558563
Венгрия Европа Биримдигин Ковид-19 вакцинасы боюнча сынга алды

 

Венгрия, коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы вакцинанын алынышы темасында  Европа Биримдиги (ЕБ) ката кетирип, келишим түзүүгө кечикенин жана жаман келишимге кол койгонун жарыялады.

Венгриянын Тышкы иштер жана тышкы соода министринин орун басары Тамаш Менцер, Европа Биримдиги коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы вакцина сатып алууда ката кетиргенин жана ал АКШ (АКШ), Британия жана Израилден артта калгандыгын айтты.

Менцер өз билдирүүсүндө АКШ жана Британиянын өткөн жылдын июль айында Pfizer компаниясы менен Ковид-19 вакцинасын жеткирүү боюнча келишимге жетишкенин, ал эми Евробиримдик ушул эле компания менен ноябрь айында макулдашканын жана азыраак дозаларды сатып алуу боюнча келишим түзгөнүн айтты.

Менцер:«Брюссель келишимге кечикти жана жаман келишимге кол койгону көрүнүп турат. Ошондуктан, биз азыр башка вакцина ала албайбыз»,-деди.

Венгрия өкмөтү Кытай менен да, Россия менен дагы вакциналар боюнча кызматташууну улантып жатканына көңүл бурган Менцер, Венгрияга натыйжалуу вакцинаны тез алып келүү үчүн Чыгыш-Батыш бөлүп-жарбай, ишин улантып жатышканын белгиледи.



Тектеш кабарлар