Малиде француз аскерлерине кол салуу болду

Кол салууда 3 француз аскери каза болду.

1553716
Малиде француз аскерлерине кол салуу болду

Африка өлкөлөрүнөн Малиде кызмат кылган 3 француз аскери учураган кол салууда каза болду.

Елиссей сарайынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Малинин Хомбори аймагында бир операцияга катышкан аскерлердин зооттуу унаасынын колдо жасалган бомба менен жардырылгандыгы билдирилди.

Бомбанын жарылуусу менен 3 аскердин каза болгондугу маалымдалган билдирүүдө президент Еммануэль Макрондун аскерлердин үй  - бүлөлөрүнүн кайгысын бөлүшкөндүгү жана көңүл айткандыгы маалымдалды.

Коргоо министрлигинен берилген маалыматта да окуянын кечээ эрте менен болгондугу билдирилди.

Франция 2014 -  жылы башталган "Бархане" операциясынын негизинде  Сахел аймагындагы Мавритания, Мали, Буркина Фасо, Нигер жана Чадга 5100 аскерин жайгаштырган.



Тектеш кабарлар