Европа Биримдиги Ковид - 19 вакцинасын албагандарды каттоого алат
Жаңы тип коронавирус эпидемиясына каршы вакцина колдонууну эркин кылган Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн буга карабастан вакцина алууну четке каккандардын каттоого алынары билдирилди.
Жаңы тип коронавирус эпидемиясына каршы вакцина колдонууну эркин кылган Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн буга карабастан вакцина алууну четке каккандардын каттоого алынары билдирилди.
Испаниянын саламаттык сактоо министри Сальвадор Илла өлкөсүндөгү менчик телекөрсөтүү болгон La Sextaга маалымат берип, Ковид - 19га каршы вакцина албагандардын каттоого алынып, бул маалыматтардын бир гана Европа Биримдигинин расмий мекемелеринин арасында бөлүшүлөрүн айтты. Илла : «Жарандардан каалообуз Ковид - 19 вакцинасы үчүн чакырылганда барышы. Вакцинаны четке каккандар каттоого алынат. Маалыматтар Европа Биримдиги мүчөлөрүнүн арасында бөлүшүлөт. Бул каттоолор жеке маалыматтардын коргоого алынышына сый көрсөтүлөт жана коомчулук менен бөлүшүлбөйт»,- деди. Ошол эле учурда Испанияда «Ковид - 19 вакцина картасы», «Ковид - 19 вакцина паспорту» же «Ковид - 19 электрондук күбөлүгү» деген ат менен вакцина алгандардын маалыматтары чогултулган санариптик маалымат базасынын түзүлүшүнө карата саясий талкуулар улантылууда.
Мадриддин жана Андалусия автономиялык администрациялары Ковид - 19га байланыштуу санариптик вакцина картасынын кыска убакытта жарандарга бериле тургандыгын билдиришти.
Ковид-19 вакцина карталарын айрыкча саякат жана ишкер чөйрөлөрүндө колдонулары белгиленди.
Ошондой эле, Испаниядагы айрым компаниялар Ковид -19 вакцинасын алууда баш тарткан кызматкерлеринин келишимдерин бузуу үчүн иштеп жатышкандары да айтылууда.
ДСУнун Ковид -1 9 санариптик карталары боюнча изилдөө жүргүзүп жатканы белгилүү болду.
Тектеш кабарлар
Гриффитс: «Газага жардам берүү Рефахка кол салууну мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»
Гриффитс Израилдин Рефахка ыктымал кургактык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду
Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.