ДСУ Англиядагы Ковид-19 мутациясы жөнүндө үн катты

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Швейцариянын Женева шаарындагы ДСУнун баш кеңсесинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында видео конференция ыкмасы менен кайрылды.

1549401
ДСУ Англиядагы Ковид-19 мутациясы жөнүндө үн катты

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) тезирээк жайылган формасынын «катуу ооруга же өлүмгө» алып келгендигине эч кандай далил жок экендигин билдирди.

Тедрос Адханом Гебрейесус, Швейцариянын Женева шаарындагы ДСУнун баш кеңсесинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында видео конференция ыкмасын колдонуп,«Акыркы бир нече күндүн ичинде Улуу Британияда жана Түштүк Африка Республикасында коронавирустун түрлөрү жөнүндө билдирүүлөр келип түштү. Вирустар убакыттын өтүшү менен мутациялашат. Бул табигый нерсе жана күтүлүп жаткан»,-деди.

Англиянын бул түрдүн оңой жукканын кабарлаганын айткан Гебрейесус: «Бирок азырынча анын олуттуу ооруга же өлүмгө алып келиши мүмкүн экендиги жөнүндө эч кандай далил жок»,-деп айтты.

Улуу Британияда тезирээк жайылышы мүмкүн деп айтылган Ковид-19 мутациясы табылгандан кийин премьер-министр Борис Жонсон жана бир топ илимпоз бул түр 70 пайызга көбүрөөк жугуштуу экендигин жарыя кылышты. Британиянын саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок дагы бул Ковид-19 штаммы көзөмөлдөн чыккандыгын жарыялады.

Ковид-19 Англиядан кийин Дания, Нидерландия жана Түштүк Африка Республикасында да табылганы боюнча Түркия сыяктуу көптөгөн өлкөлөр Англия менен каттамдарын токтотушкан.



Тектеш кабарлар