Батыш өлкөлөрүндө соңку Ковид-19 көрсөткүчтөрү

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча 1 миллион 691 миң 942ден ашты.

1548524
Батыш өлкөлөрүндө соңку Ковид-19 көрсөткүчтөрү

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча 1 миллион 691 миң 942ден ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 76 миллион 626 миңден ашса, айыгып чыккандардын саны 53 миллион 571 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан адамдардын өлүмү 323 миң 401ге жетти. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 18 миллион 77 миң деп катталды. АКШда коронавирус вакциналарын жайылтууга жооптуу генерал Густав Перна, январь айынын биринчи жумасына чейин штаттарга жалпысынан 20 миллион вакцина таратыларын айтты. Ошол эле учурда, Азык-түлүк жана дары-дармек менен камсыздоо башкармалыгы Германиянын BioNTech биотехнологиялык компаниясы жана Американын фармацевтикалык компаниясы Pfizer тарабынан иштелип чыккан коронавирустук вакцинага аллергиялык реакцияны иликтеп жаткандыгын жарыялады.

Италияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 68 ​​миң 447ге жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 938 миңди түздү.

Англияда вирустун айынан адам өлүмү 67 миң 75ке чейин жогорулады. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 2 миллион 4 миң. Премьер-министр Борис Жонсон өлкөдө тезирээк жайылып жаткан коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) пайда болгондон кийин, Лондондо жана анын айланасында чектөөлөрдү күчөтүп, үй-бүлөлөрдүн Рождество майрамына чогулушуна тыюу салуу чечими кабыл алынгандыгын жарыялады жана элден үйдө отурууну суранды. Борбор калаа Лондондо Ковид-19 иш-чараларынын алкагында катаал чектөөлөр колдонулат деген жарыядан кийин, соода кызуу жүрдү.

Францияда эпидемиянын кесепетинен адам өлүмү 60 миң 418ге чейин жогорулады. Вирус аныкталган адамдардын саны 2 миллион 460 миңге чейин көбөйдү.

Эпидемиянын айынан көз жумган адамдардын саны Испанияда 48 миң 926 болду. Өлкөдө оорулардын саны 1 миллион 817 миңге чейин көбөйгөн.

Бразилияда 186 миң 356 адамдын өмүрүн алган вирус ушул күнгө чейин 7 миллион 213 миң адамда аныкталды. Президент Жаир Болсонаро Бразилиянын Жогорку Сотунун (STF) Ковид-19 вакцинасын айрым учурларда милдеттүү түрдө жасоо чечимин айыптап, бул вакцинага ишенбестигин билдирди.



Тектеш кабарлар