Европа Биримдиги Россияга карата экономикалык санкцияларды узартты

Европа Биримдиги Украинаны туруксуздаштырды деген негиз менен Россияга салынган экономикалык санкцияларды 6 айга дагы узартуу чечимин чыгарды.

1543750
Европа Биримдиги Россияга карата экономикалык санкцияларды узартты

 Европа Биримдиги Украинаны туруксуздаштырды деген негиз менен Россияга салынган экономикалык санкцияларды 6 айга дагы узартуу чечимин чыгарды.

Бельгиянын борбору Брюсселде өткөн Европа Биримдиги лидерлеринин саммитинде, өзүнүн социалдык медиа эсебинен маалымат бөлүшкөн Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасынын катчысы Баренд Лейц, Россиянын Украинадагы абалды туруксуздаштыргандыгына байланыштуу Европа Биримдиги тарабынан киргизилген экономикалык санкциялардын мөөнөтүн узартуу чечими кабыл алынгандыгын билдирди.

Лейц кабарында : «Европа Биримдиги Кеңеши Россияга карата санкциялардын узартылышы боюнча келишти»,- деп билдирди.

Россия 2014 -  жыл 18 -  мартта Крым автоноамиялуу республикасы жана Севастополь шаарын мыйзам тышы аннекция кылган. Крымдын Россия тарабынан аннекцияланышы жана Украинанын чыгышында чыккан окуялардан кийин Европа Биримдиги, АКШ жана кээ бир өлкөлөр Россияга экономикалык санкция киргизе баштаган.

Европа Биримдиги  Россияга карата экономикалык санкциялардын биринчи чечимин 2014 - жылы кабыл алган.

Санкциялар, анын ичинде соода жана инвестицияларды чектөө, ар бир 6 айда узартылып турат. Учурдагы санкциялардын мөөнөтү 2021-жылдын 31- январында аяктайт.



Тектеш кабарлар