Расулайнда бомбалуу унаа менен кол салуу болду

Сириянын түндүгүндө аскердик оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Расулайн районунда бомба жайгаштырылган унаа менен Сирия Улуттук Армиясынын көзөмөлдөөчү жерине жасалган террордук кол салууда 2 киши каза болуп, 2 киши жараланды.

1535557

Расулайн районунун түштүгүндөгү Мебруке аймагына караштуу Тел Женеб  айылында бомба жайгаштырылган унаа менен Сирия Улуттук Армиясынын көзөмөлдөөчү жерине террордук кол салуу болду. Кол салууда Сирия Улуттук Армиясынан 2 аскер каза болуп, 2 киши да жараланды.

Бомба жайгаштырылган унаанын шоферунун абалы белгисиз. Кол салуу тууралуу изилдөө баштаган жергиликтүү коопсуздук күчтөрү кыймылдын ПКК/ЙПГ террордук уюму тарабынан жасалуу ыктымалына токтолууда.

Расулайн райондук борбору 2019 -  жылы 12 -  октябрда түрк куралдуу күчтөрүнүн «Тынчтык булагы» операциясында  террордон тазаланган.

ЙПГ/РКК басып алган Айн Иса жана Тел Темыр аймактарынан  бат – бат Расулайн жана Тель Абяддагы калктуу пункттарды бутага алган кол салууларды ишке ашырууда.

Тектеш кабарлар