Ирак түркмөн фронтунун төрагасы Эршат Салихиден Азербайжанга куттуктоо

Салихи чейрек кылымдан бери качкын болгон азербайжандык тектештердин өз жерлерине кайтуу тилегин билдирди.

1532613
Ирак түркмөн фронтунун төрагасы Эршат Салихиден Азербайжанга куттуктоо

 Ирак түркмөн фронтунун төрагасы Эршат Салихи Азербайжандын Карабах жеңиши жана андан кийинки Армения менен кол коюлган келишимден улам куттуктоо жиберди.

Салихи жарыялаган куттуктоосунда 30 жылга жакын убакыттан бери Армения тарабынан оккупацияга алынган Тоолуу Карабах аймагын эркиндикке чыгаруу максатында каарман Азербайжан Куралдуу Күчтөрү баштаган каршы кыймылдын тарыхый ийгиликтер менен улантылгандыгына күбө болушкандарын белгиледи.

Салихи билдирүүсүндө : «Азербайжандын Президенти Илхам Алиевдин лидерлигинде жүргүзүлгөн саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Армениянын багынышы менен аянтта жана столдо ийгиликке жетишилиши жана эл аралык мыйзамдын эрежелерине тескери басып алынган Азербайжандын өз жерлеринин боштондукка чыгарылышы тарыхый жеңиш»,- деди.

2020 -  жыл 9 -  ноябрда кол коюлган Тоолуу Карабах ок атышпоо келишиминин аймакка жана Кавказияга тынчтык жана бейпилдиктин алып келишин каалаган Салихи чейрек кылымдан бери качкын болгон азербайжандык тектештердин өз жерлерине кайтуу тилегин билдирди.



Тектеш кабарлар