Путин Ковид-19 пандемиясына жана глобалдык экономикага байланыштуу билдирүүлөрдү жасады
Путин Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык жыйынына видеоконференция аркылуу катышты.
Россиянын президенти Владимир Путин коронавирустун (Ковид-19) себебинен өндүрүштүн төмөндөшү жана жакырчылыктын көбөйүшүнүн тынчсыздандырып жатканын билдирди.
Путин видеоконференция аркылуу катышкан Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык жыйынында Ковид-19 пандемиясына жана глобалдык экономикага байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.
Дүйнөлүк сооданын акыркы 6 айда 15 пайызга төмөндөгөнүн белгилеген Путин: «Сооданын негизги оюнчуларынын ортосундагы экономикалык айырмачылыктар дагы көбөйүүдө»,-деп айтты.
Пандемияга байланыштуу дүйнөлүк экономиканын быйыл 4,4 пайызга төмөндөшүнүн күтүлүп жаткандыгын түшүндүргөн Путин: «Ковид-19дун кесепетинен өндүрүштүн төмөндөшү жана жакырчылыктын көбөйүшү коркунуч жаратууда. Он миллиондогон адамдар жакырчылыктын чегинен төмөн жашоо коркунучунда турат»,-деди.
Ушул жагымсыз шарттардан улам кээ бир баа берүүлөрдү "чындыкка жакыныраак" жасоого болорун айткан Путин: «Эл аралык коомчулук кызматташтыкты арттыруу менен учурдагы кыйынчылыктарды жеңе алат»,-деп кошумчалады.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа жана Рефахка кол салуулары...
Израилдик күчтөр Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын чыгышындагы аймактарга кирди.