АКШда куралду кол салуу болду
Кол салууда кеминде 8 адам жаракат алды.
1531732
АКШнын Висконсин штатында Вауватоса шаарындагы соода борборуна куралдуу кол салуу болуп, кеминде 8 адам жаракат алды.
Вауватоса полиция шефи Барри Вебердин айтымында, куралчан адам чак түштө ок атып, 8 адам жаракат алган, алардын бири 18 жашка чыга элек бала.
Вебер окуяга күбө болгондордун айтуусу боюнча полиция топтору 20 - 30 жаштардагы ак түстөгү эркек кол салуучуну издөөнү улантышууда.
Кол салуунун себеби азырынча аныктала электигин айткан Вебер, алгачкы экспертизаларда кол салуунун талаш - таартыштан келип чыккандыгы жана пландаштыруу ыктымалына токтолушкандарын белгиледи.