Макрон Алиев жана Пашинян менен сүйлөштү
Елисей сарайы жазуу түрүндө билдирүү жасады.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Елисей сарайынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Макрондун Алиев жана Пашинян менен өткөргөн телефондогу сүйлөшүүлөрүндө Азербайжан менен Армениянын ортосунда кол коюлган ок атышпоо келишиминен кийин Франциянын артыкчылыктуу багыттарын билдиргендиги белгиленди.
Ошондой эле жаңжалдын аяктоосу менен Тоолуу Карабахта элди коргоо жана акыркы жумаларда үйлөрүн таштап качып кеткен он миңдеген адамдардын кайра кайтуусу үчүн сүйлөшүүлөрдү ак ниеттүүлүк менен улантуу керектиги айтылды.
Макрон өз өлкөсүнүн Тоолуу Карабах аймагына гуманитардык жардам көрсөтө турганын, диний жана маданий мурастарды коргоо боюнча чаралардын көрүлүшүн каалаганын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Израилдин согушту улантуу планы
Израиль армиясынын X социалдык медиа эсебинде темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.
Газа байланыш тобунун Израилге карата чакырыгы...
Бул тууралуу Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.