Ковид-19да тамеки
Тамекинин коронавирустук инфекциянын коркунучун жогорулатканы аныкталды.
Тамеки чегүүнүн иммундук системанын реакциясын төмөндөтүп коронавирустук инфекциянын коркунучун жогорулаткандыгы билдирилди.
Калифорния университетинин (UCLA) илимпоздору лабораториялык шартта адамдын өзөк клеткаларынан жасалган дем алуу моделдеринин үстүндө жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында, тамеки чегүүнүн интерферон деп аталган негизги иммундук системанын молекулаларынын туура иштешине тоскоол болгону аныкталды.
«Daily Mail» гезитинин отчетуна караганда, изилдөөдө тамекинин вирусту жуктурган клеткалардын санын үч эсеге көбөйткөндүгү байкалды.
Изилдөө тобунан доктор Брижит Гомпертс: «Эгерде сиз дем алуу жолдорун сепилди коргоп турган бийик дубалдар деп эсептесеңиз, тамеки тартуу бул дубалдарда тешиктерди ачууга барабар. Тамеки тартуу табигый коргонууну азайтып, вирустун жайгашуусуна шарт түзөт», деди.
Тектеш кабарлар
Кытайдын космос станциясындагы тайконавт тобу Жерге кайтып келди
Шинкоу-17 космостук капсуласы Гоби чөлүндөгү Дунфин талаасына конду.
Нетаньяху Рафахка кургактан кол салуу темасында көшөрүүдө
Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу сүйлөшүүлөрү кыйыр түрдө уланууда.