Афганистанда Талибан террористтери кол салды

Кол салууда 12 күзөтчү набыт болду.

1527344
Афганистанда  Талибан террористтери  кол салды

Афганистандын Кундуз провинциясында Талибан террористтеринин  кол салуусунан 12 күзөтчү набыт болду.

Tolo News гезитиндеги жаңылыктарга ылайык, Кундуз шаардык кеңешинин башчысы Мухаммед Юсуф Айюби террористтердин  Имам Сахип районундагы Бала Хисар аскер базасына кол салганын билдирди.

Айюби кол салуудан 12 күзөтчүнүн каза болуп, 11 адамдын жаракат алганын билдирди.

Кол салууда  кеминде 7 Талибан террористти  жок кылынды.

Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, баш калаа Кабулдун батыш тарабындагы Пагман шаарына жайгаштырылган бомбалуу унаанын жарылуусунан 4 аскер каза болуп, 5 аскер жаракат алгандыгы маалымдалды.

Азырынча эч ким кол салуунун жоопкерчилигин ала элек.



Тектеш кабарлар