Ганада чиркөө кулап каза тапкандар катталды
Мансо Акросо аймагында 6 кабаттуу чиркөөнүн кулаганы билдирилди.
1514444
Гананын Eastern провинциясындагы 6 кабаттуу чиркөөнүн кулашынан улам 18 адам каза болду.
Улуттук апаат жана башкаруу уюмунун (NADMO) Eastern провинциясындагы директору Ричард Амо Ярти, Мансо Акросо аймагында 6 кабаттуу чиркөөнүн кулаганын билдирди.
Урандылардын астында калган 18 кишинин сөөгүн чыгаргандарын белгилеген Ярти, 8 кишинин да куткарылгандыгын айтты.
NADMO топторунун издөө-куткаруу иштерин улантып жаткандыгын, жаракат алгандарга жардам көрсөтүлгөндүгүн кабарлаган Ярти, каза болгондордун санынын көбөйүшүнө тынчсыздануусун билдирди.
Окуя болгон учурда чиркөөдө 60тан ашуун адам болгону айтылууда.