Трамп өлкөгө кабыл алынуучу качкындардын санын чектөөнү сунуш кылды

Бул туурасында АКШнын Мамлекеттик департаменти жазуу түрүндө билдирди.

1501583
Трамп өлкөгө кабыл алынуучу качкындардын санын чектөөнү сунуш кылды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Президенти Дональд Трамп, өлкөгө кабыл алынуучу качкындардын санын 2021-финансылык жылы 15 миңге чейин чектөөнү сунуш кылды.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Трамптын бул сунушу, өзгөчө Ковид-19 пандемиясы уланып жаткан мезгилде Америка элдеринин коопсуздугун жана бакубаттыгын биринчи орунга койгонунун көрсөткүчү» делди.

Качкындардын санынын азайышы деңизге жээктеш өлкөлөргө гуманитардык жардамдар жана кагылышууларды алдын алуу менен тең салмактуу болору баса белгиленди.

Трамп сунуш кылган бул сан АКШнын тарыхындагы эң төмөнкү качкындарды кабыл алуу саны болуп калды.

Трамп бийликке келген биринчи жылы 45 миң болгон качкындарды кабыл алуунун санын кийинки жылдары акырындап 18 миңге чейин кыскарткан болчу.



Тектеш кабарлар