30 жылдын ичинде 28 триллион тонналык мөңгүлөр эрип кетти
Окумуштуулар эскертүүдө.
Дүйнө жүзүндө 1994-жылдан бери 28 триллион тонналык мөңгүлөр эрип кетти.
Лидс жана Эдинбург университеттери менен Лондондун университеттик колледжинин окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөлөр 30 жылга жетпеген мезгилде 28 триллион тонналык мөңгүлөрдүн эрип кеткендигин аныкташты.
Лидс университетинен Том Слейтер, 28 триллион тонналык мөңгүлөрдүн кесепетинен Англиянын жер бетин 100 метр калыңдыкта тоңгон суу катмары менен каптап калаарын айтты.
Окумуштуулар эриген мөңгүлөрдүн көлөмүнүн көбөйүшү күн нурунун чагылышын бир кыйла азайта турганын, буга байланыштуу деңиз жана топурактын көбүрөөк жылый турганын, ошондуктан глобалдык жылуулук дагы тездей турганын баса белгилешти.
Лидс университетинин Уюлду көзөмөлдөө жана моделдөө борборунун директору, профессор Энди Шепер да деңиз деңгээлинин ар бир сантиметрдик көтөрүлүшүнүн кесепетинен бир миллионго жакын адам үй-жайсыз калышы мүмкүн деп эскертти.
Эксперттер аныктаган мөңгүлөрдүн жок болуу деңгээли, Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык комиссиясы (IPCC) тарабынан белгиленген эң жаман сценарий божомолуна туура келди.
Тектеш кабарлар
Израилдин согушту улантуу планы
Израиль армиясынын X социалдык медиа эсебинде темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.
Газа байланыш тобунун Израилге карата чакырыгы...
Бул тууралуу Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.