Эл аралык валюта фондунан Ливанга жардам

Эл аралык валюта фондунун төрайымы Кристалина Георгиева Ливан кылкын колдоо үчүн мүмкүн болгон бардык жолдорду изилдешкендерин билдирди.

1468745
Эл аралык валюта фондунан Ливанга жардам

 Эл аралык валюта фондунун төрайымы Кристалина Георгиева Бейрут портунда болгон жарылуудан кийин Ливан кылкын колдоо үчүн мүмкүн болгон бардык жолдорду изилдешкендерин билдирди.

Эл аралык валюта фондунун төрайымы Георгиева жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Ливандагы «коркунучтуу трагедиядан» кийин кырсыктан арылуу жана өлкө бетме  - бет келген терең экономикалык жана социалдык кризис менен күрөшүү үчүн улуттук биримдиктин учуру экенин белгиледи.

Георгиева эл аралык коомчулуктун да чукул муктаждык учурунда Ливанга жардам берүү үчүн аракетке өтүшү керектигин баса белгиледи.

4 -  августта Бейрут портунда жарылуучу заттар болгон 12 - номердеги кампада оболу өрт чыгып андан кийин шаарды термелткен абдан күчтүү жарылуу болгон. Жарылууда эң аз  135 кишинин каза болгону, 5 000ге жакын кишинин жараланганы билдирилген.



Тектеш кабарлар