Израиль аскердик учактары Газаны аткылады

Израиль аскердик учактары Газанын түштүгүндөгү бир дыйканчылык аянтына абадан кол салды.

1466242
Израиль аскердик учактары Газаны аткылады

Хамас Израилдин блокада астындагы Газа тилкесин бомабалап ичкериде жашаган кризисти өлкө тышына чыгарууну жана көңүлдөрдү алагды кылууну максат кылганын белгиледи. 

Хамастан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израилдин Газадагы каршы чыгуу күчтөрүнө таандык позицияларды бутага алышы "агрессивдүүлүк жана чыңалууну күчөтүү кабары" деп мүнөздөлдү.

Маалыматта : "Израиль өз ичинде жашаган кризистерди Газа калкына жүктөөнү көздөп жатат. Израиль өзгөчө ички саясатта жашаган кыйынчылык жана барган сайын начарлаган саясий шарттардан улам көңүлдөрдү алагды кылууну максат кылууда",- деп билдирилди. 

Палестина каршы чыгуучуларынын баскынчы күчтөрүнүн план жана ойлорун билгендиги белгиленген маалыматта Израилдин өз ичиндеги кризисти Газага жүктөөсүнө уруксат берилбей тургандыгы баса белгиленди. 

Израиль аскердик учактары Газанын түштүгүндөгү  дыйканчылык аянтына абадан кол салды.

Газанын түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын дыйканчылык аймагы ел  - Карара Израиль аскердик учактары тарабынан ракета менен атылды. Бул кол салуу Израиль армиясынын жекшемби күнү кечинде Газадан бир ракета огунун Газа чек арасына жакын бир аймакка атылганын жана «Темир Купол» абадан коргонуу системасы тарабынан атып түшүрүлгөнүн билдиргенден кийин жасалды.

Кол салууда каза болгондор жана жаралангандар тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Израиль билдирген кол салууну Газадагы топтордон азырынча эч ким моюнга ала элек.



Тектеш кабарлар