АКШ кытайлык киши жана компанияларга санкция киргизди

Алардын дары-дармектерди аткезчилик кылгандыгы билдирилди.

1457201
АКШ кытайлык киши жана компанияларга санкция киргизди

АКШ жетекчилиги, "Fentanil" аттуу дарыны аткезчилик кылган кытайлык 5 киши жана 2 компанияны санкциялар тизмесине киргизди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, апийимден жасалган жана ооруну басаңдатуучу дары катары да колдонулган синтетикалык опиоиддик дары-дармектерди аткезчилик кылган 5 адамга жана 2 компанияга санкция берүү чечимин кабыл алганын айтты.

Бул чечимдин АКШ жетекчилигинин Кытайдан контрабандаланган фентанил жана берки опиоиддик дары-дармектерге каршы күрөшүүнүн бир бөлүгү экендигин баса белгилеген Помпео, бул дары-дармектер миңдеген америкалыктын өмүрүнө коркунуч келтиргенин айтты.

Чечимге ылайык, Жи Сонгян, Чжан Лонгбао, Чэнг Гуфэнг, Чжэн Гуангфу, Ху Ци аттуу Кытайдын жарандары жана Ухань Ливика Technology Co. Ltd. менен Global United Biotechnology Inc. аттуу компаниялар санкциялардын тизмесине киргизилди.



Тектеш кабарлар