Британдык туристтер үчүн коопсуз эс алуунун дареги Түркия болду

Чет өлкөлүк туристтер Түркияда коопсуз эс алышууда.

1456869
Британдык туристтер үчүн коопсуз эс алуунун дареги Түркия болду

Түркияга келген британдык туристтер коронавируска каршы чара көрүүлөрдүн негизинде эс алууларын коопсуз өткөрүшүүдө.

Табигый кооздугу жана мейманкана мүмкүнчүлүктөрүнөн улам көп сандаган чет өлкөлүк конокторду тосуп алган Мугла, акыркы жылдары британдык туристтер эң көп тандаган эс алуу борборлорунун бири болуп саналат.

Ковид-19 чара көрүүлөрүнүн негизинде шаарга коопсуз эс алуу үчүн топ-тобу менен келе баштаган британдык туристтердин бири Стивен Давло, абдан жактыргандары үчүн Муглага жылына эки жолу келгендерин айтты. Давло Түркиянын Британияга салыштырмалуу абдан коопсуз экенин сөз кылды.

Туристтерден Томми Доффи буга чейин бир нече жолу Түркияда эс алып кеткенин, Түркияга болгон сүйүүсүнөн улам Мармаристен үй сатып алганын айтты.

Туристтерден Марк Робертс да Түркияда беткап жана социалдык аралык эрежелеринин абдан жакшы салталгандыгын байкаганын, аябай жактырган Муглага 8 жолу келгендигин билдирди.

Түрк элинин абдан меймандос экенин айткан Гвант Виллс болсо, Мугланын табигый кооздугуна, жашыл жаратылышына жана көгүлтүр деңизине суктанганын айтып: «Мен жылына кеминде 1-2 жолу Муглага келип турам. Пандемия мезгилинде да Түркияны коопсуз жана абдан жакшы тосуп алгандыгы үчүн тандадым. Элдер бул жерге ишенимдүү келе алышат. Түркия тарыхы жана укмуштуудай кооз жаратылышы бар өлкө»,-деди.

Ал эми Пан Райан Райс, аймактагы табигый кооздуктарга суктангандыгы үчүн Фетхиеде үй сатып алганын, аялы жана балдары менен жылына бир нече жолу Муглага келгенин эске салып: «Биз Түркиянын пандемия учурундагы чара көрүүлөрүн жогору баалайбыз. Түркия үчүн пандемия процессинде көргөндөрүм жана окугандарым мага оң таасирин тийгизди. Бул жер жакшы эс алуу үчүн чындыгында абдан коопсуз».

Туристтердин бири Мэри Рисс Фетхиеге 13 жылдан бери балдары менен келгенин, эс алууларын өткөрүп өз өлкөлөрүнө кубанычтуу кайткандарын айтты.



Тектеш кабарлар