Коронавирустан улам Иранда бардык иш чараларга бир жумага тыюу салынды

Жалпы дүйнөдө вирустан айыккандардын саны 7 миллион 708 000.

1454463
Коронавирустан улам Иранда бардык иш чараларга бир жумага тыюу салынды

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 575 641 000, вирус жуккан киши саны 13 миллион 241 000 болду. Айыккандардын саны 7 миллион 708 000.

Индияда вирустан каза болгондордун саны 23 727ге, вирус жугузган бейтап саны да 907 645ке жогорулады. 

Эпидемиянын башталышынан бери 4 634 киши каза болгон Кытайда акыркы 24 саатта өлүм  - житим болбостон, өлкө тышынан келген 3 кишиде вирус аныкталды. Ушундайча өлкөдө вирус жугузган киши саны 83 605ке жетти. 

Түштүк Кореяда Ковид  - 19дан 289 киши каза болду. Өлкөдө 24 сааттын ичинде 33 кишиде вирус аныкталды, алардын ичинен 19 киши өлкө тышынан келген. Жалпы бейтап саны 13 512ге жетти. 

Россияда 11 439 киши каза болуп, 733 699 киши вирус жуктурган. 

13 032  киши каза болгон Иранда вирус жуктурган бейтап саны 259 652ге жогорулады. 

Палестинада Ковид  - 19дан 5 киши дагы каза болуп, 404 жаңы учур катталды. Ушундайча вирустан каза болгондордун саны 41ге, вирус жугузгандардын саны да 1441ге жетти.

Иранда вирустан каза болгондордун саны 13 000ден ашып, 260 000ге жакын киши вирус жугузган. Борбор шаар Тегеранда Ковид  - 19дан улам мечиттер менен бирге университеттер, мектептер, спорт залдары, көңүл ачуу борборлору сыяктуу жерлер бир жумалык мөөнөт менен жабылат. Шаарда бир жума жаназа, той, социалдык маданий жана диний иш чараларга да тыюу салынат.

 



Тектеш кабарлар