Иранда ЦРУга тыңчылык кылган киши өлүм жазасына тартылды

Соттун пресс - катчысы Гулам Хүсейин Исмаили Рыза Асгаринин өлүм жазасы өткөн жумада аткарылганын билдирди.

1454828
Иранда ЦРУга тыңчылык кылган киши өлүм жазасына  тартылды

Иран коргоо министрлигинин авиация  -  космостук мекемесинен пенсияга чыккан Рыза Асгари АКШнын Борбордук Чалгындоо Уюму ЦРУ үчүн тыңчылык кылгандыктан өлүм жазасына тартылды.

Соттун пресс - катчысы Гулам Хүсейин Исмаили борбор шаар Тегеранда өткөргөн пресс – жыйынында : «2016 -  жылы коргоо министрлигинин авиаци – космостук мекемесинен пенсияга чыккандан мурда жана андан кийин ракеталык иштерибиз тууралуу ЦРУга маалымат саткандыгы жана ал үчүн акча алганы аныкталган, соттолгон жана өлүм жазасына тартылган Рыза Асгаринин өлүм жазасы өткөн жумада аткарылды»,- деди.

Катчы Исмаили Асгари пенсияга чыккан мекемедеги кызматы, камоо жана доо процесси тууралуу кенен маалымат берген жок.



Тектеш кабарлар