АКШнын учактары Россиянын учактарына бөгөт койду

АКШнын Түндүк Америка Абадан коргонуу командирлиги (NORAD) тарабынан бул тууралуу маалымат бөлүшүлдү.

1444571
АКШнын учактары Россиянын учактарына бөгөт койду

АКШнын Түндүк Америка Абадан коргонуу командирлиги (NORAD) тарабынан, Аляскага жакын жерлерде Россияга таандык 4 деңиз учагына бөгөт коюлгандыгы билдирилди.

NORADдан берилген маалыматта F-22 Raptor үлгүсүндөгү согуштук учактарынын кечээ Аляскага жакын жерлерде Tu-142 үлгүсүндөгү 4 деңиз чалгындоо учагына  бөгөт койгону маалымдалды.

Жарыяда сөз болгон Орусиянын учактарынын Алясканын жээктерине 65 деңиз милиндей жакындаганы жана аймакта орто эсеп менен 8 саат болгону белгиленди.

Бул бөгөт коюу менен бирге АКШ, Аляскага жакын жерлерде Россия менен акыркы бир жылда 10 ирет бетме-бет келди.



Тектеш кабарлар